Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды

Вид материалаДокументы

Содержание


Басма-полиграфия жана китеп чыгаруу
Радиоуктуруу, телекөрсөтүү
Подобный материал:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

Басма-полиграфия жана китеп чыгаруу




    • Биринчи кыргызча китеп 1911-ж. мартта Казанда араб алфавитинде чыккан Молдо Кылычтын (1866-1917) “Кысса-и зилзала” деген ыр китеби. Баш сөзүн жазган Ишеналы Арабаев.
    • Республикадагы алгачкы басма - “Кыргызмамбас” 1925-ж. февралда уюшулган. Алгач 1926-ж. В.И.Лениндин “Жаштар союзунун милдеттери”, “Кооперация жөнүндө” деген китептер чыккан. Алгачкы эки жылда басма 12 аталыштагы окуу китебин жана окуу куралдарын чыгарган. Алар: “Алиппе”, “Алиппеден кийин окуу үчүн хрестоматия”, “Географиянын башталгыч курсу”, “Геометриянын башталгыч курсу”, “Арифметикалык маселелер”, “Эне тилдин методикасы”, чоңдор үчүн “Жаңылык” аттуу алиппе китеби, жазуу эрежелери боюнча мугалимдер үчүн колдонмо - “Жазуу жолунда саамалык” ж.б.
  • Кыргызстанда 1-басмакана 1925-ж. уюшулган.
  • Биринчи котормо китеп – «Өзгөрүш ырлары». 1925-ж. чыккан. «Интернационал», «Аза маршы», «Коркпо, жолдоштор, адымда», «Кызыл Туу», «Кайрат», «Жаш аскер», «Жаш пионер ыры» деген 7 ырдан турган. Орусчадан которгон К.Тыныстанов.
  • 1932­ж. 11-январда Бишкек шаарында Басма үйү ачылган.
  • 1937-ж. 23-майда Кыргыз мамлекеттик китеп палатасы түзүлгөн.
  • 1940-ж. биринчи “Кыргызча-орусча сөздүк” жарыкка чыккан. Ага 25 миң сөз камтылган.
  • Ири полиграфия ишканасы - Кыргыз полиграфия комбинаты 1966-ж. ишке берилген. Окуу китептери, көркөм адабият ж.б. массалык нускада басылып турган. Учурунда Союзга даңкы чыгып, 30дан ашык жолу Өтмө Кызыл тууну жеңип алган. Алгачкы директору Тургунбек Субанбердиев. Ал комбинатты 1989-жылга (көзү өткөнчө) чейин жетектеген.
  • Кыргыздардан чыккан 1-полиграфия инженери – Бирназаров Сапар.
  • Тунгуч улуттук-универсал көп томдуу “Кыргыз Совет энциклопедиясы” 1975 – 80-ж. чыгарылган. Башкы редакциясы 1968-ж. Кыргыз ИАда уюшулган. Башкы редактору ИАнын президенти, академик Курмангали Каракеев, түздөн түз иштөөчү орун басары академик Жумагул Алышпаев болгон. Алар негизинен уюштуруу, даярдык көрүү иштерин жүргүзүшкөн. Тунгуч энциклопедиянын 1-томунун башкы редактору илим доктору Асанбек Табалдиев, калган томдору академик Бүбүйна Орузбаеванын жетекчилиги менен чыгарылган.
  • “Шам” басмасы Кыргызполиграфкомбинаттын алдында 1994-ж. түзүлгөн. Анын уюштуруучусу жана алгачкы директору Курманаалы Сапарбаев.
  • Кыргызча эң биринчи жылнааманы (столго коюлуучу календарды) Токтосун Иязалиев түзгөн. Ал “Кыргызстан: тарых жана маданият” деп аталат.




Радиоуктуруу, телекөрсөтүү




  • Бишкектеги 1-радиотүйүн 1926-ж. курулган. Республикада (Бишкек шаарында) алгачкы радиоуктуруу 1927-жылдын 7-мартында жүргүзүлгөн.
  • Кыргыз радиосунун алгачкы кесипкөй диктору – Капар Алиев, алгачкы кесипкөй үн режиссеру – Павел Усенов.
  • Кыргыз телерадиокомитети 1957-ж. түзүлгөн. Анын 1-төрагасы – Рабия Менсейитова.
  • 1958-ж. Бишкекте телекөрсөтүү борбору ишке берилген. 8-декабрда алгачкы 5 мүнөттүк эфирге чыгуу жүзөгө ашырылган. Диктор катары артист Сайнеке Жунушалиева 1-жолу эфирге чыккан. Ошентип, ал кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 1-диктору катары тарыхта калган. Кыргыз телесинин көгүлтүр экраны 1959-жылдын 15-сентябрынан баштап такай иштей баштаган. Алгачкы сүйлөп чыккан кесипкөй диктор Тамара Бакиева (Жаманбаева) 1959-ж. 16 жашында дикторлук кызматка конкурс менен алынып, 1975-жылга чейин иштеген. Ал кыргыз дикторлорунун ичинен Бүткүл союздук радиодо окуп, жогорку даражадагы диктор-алып баруучу категориясын алган алгачкы карлыгач.
  • Телекөрсөтүүнүн электрондук системасын иштеп чыгуунун 1-демилгечиси жана түзүүчүсү эски жоокер Борис Павлович Грабовский.
  • Кыргыз телесинин 1-үн оператору Варибада Светлана, алгачкы режиссерлор Молдобаев Жанузак, Кайыпов Балташ, Дудко Г., 1-жарык бергич Лазеев Иван, 1-редактор Сматов Шаршеке, 1-телеоператор Аширов Акун.
  • Алгачкы телеспектакль К.Баялиновдун “Көл боюнда” повести боюнча 1962-ж. коюлган (режиссеру Амантай Ниязалиев).
  • 1967-ж. Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде киноредакция уюштурулуп, ага Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн жаш адис Улан Токомбаев жетекчиликке дайындалган. 1968-ж. ал киноредакция “Кыргызтелефильм” студиясы деп аталган. Анын алгачкы төрагасы У.Токомбаев. “Кыргызтелефильм” чыгарган “Күүнүн сыры” фильми (реж. У.Токомбаев) 1968-ж. Алматыда өткөн телефильмдердин региондук 1-фестивалында чоң сыйлыкка татыган. 1969-ж. түстүү фильмдердин Бүткүл союздук 1-фестивалында “Топозчу” (реж. Р.Байтемиров) фильми 1-байгени алган. “Кыргызтелефильмдин” жогорку деңгээлдеги чыгармачылыгын чет өлкөлөргө тааныткан 1-фильм – кыска метраждуу “Дорога в Париж” көркөм фильми. Ал Мюнхенде өткөн фестивалда өтө баалуу байгеге жана жогорку сыйлыкка татыган.
  • Кыргыз радиотелесинин алдындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр 1970-ж. январда өз ишин баштаган. Анын уюштуруучусу СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Рахманинов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, академик Асанхан Жумакматов.
  • Мамтелерадиокомпаниянын камералык хору 1974-ж. түзүлгөн. Алгачкы башкы хормейстери КР эл артисти Кеңеш Алиев, жардамчысы Өзбек Абдылдаев, алгачкы артистери Сайра Чоткараева, Валентина Портнова, Ороз Иманалиев, Капар Досмамбетов, Осмонкул Асанкулов, Совет Нураков, Токтобүбү Бабашова.
  • Радио-телетолкундарды каалаган багытка жеткирүүчү пассивдүү тараткычтарды (электр энергиясын талап кылбаган) ойлоп таап, дүйнөлүк практикада 1-болуп 1970-ж. Калмак ашуудагы станция аркылуу Тоң районундагы Туура-Суу айылына үч каналдуу телекөрсөтүүнү камсыз кылгандардын алдыңкы сабында радиофизика тармагындагы ири окумуштуу, техника илимдеринин доктору Токтосун Орозобеков болгон.
  • Эң биринчи видеомагнитофондор 1971-ж. (“Кадр-1” деп аталган) ишке берилген.
  • Алгачкы түстүү телекөрсөтүү 1974-ж. Бишкекте пайда болгон.
  • Биринчи жолу облустук борборлор 1975-ж. телепрограммаларды үч каналдан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
  • Кыргыз телесинде эки тилде эркин сүйлөгөн эркек дикторлордун алгачкысы – Сатыбалды Жээнбеков.
  • Кыргыз телесиндеги популярдуу берүүгө айланган “Мыскыл жана тамаша” телекөрсөтүүсүнүн алгачкы автору жана редактору сатирик-акын Жолочу Рыспаев.
  • Лондондогу Би-Би-Си радиостанциясына алынган кыргыз журналисттеринин алгачкы өкүлү – Гүлнара Касмамбетова.
  • Орто Азия менен Казакстандан телерадио боюнча 1-илимий кандидаттык диссертация жактаган – Мэлс Осмонов Карыпбай уулу. Ал кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү көчмө телестанциянын алгачкы инженери дагы. Көчмө теленин иши 1959-ж. 7-ноябрда өкмөттүк аянттан эмгекчилердин демонстрациясын көрсөтүүдөн башталган.
  • «Алмаз» радиосу Кыргызстандагы эң алгачкы көз каранды эмес радио, 1992-жылдын 15-июнунан иштей баштаган. Негиздөөчүсү Рустам Кошмуратов.
  • Кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүсү – драматург Жеңишгүл Өзүбекова. Алгачкы телесериалдар “Апамдын махабаты”, “Чиркин өмүр”, “Издейм сени” (2005) (автору – Ж. Өзүбекова, режиссеру Мурат Мамбетов).