Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды

Вид материалаДокументы

Содержание


Мезгилдүү басма сөз
Пишпекский листок
Слово Кыргызстана
Ленинчил жаш
Кыргызстан пионери
Кыргызстан аялдары
Кыргызстан маданияты
Кыргызстан айыл чарбасы
Вечерняя газета
Илим, инновациялар жана турмуш
Подобный материал:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   18

Журналистика




  • Кыргыздын тунгуч журналисти - Сыдык Карачев. Ал тунгуч гезитибиз “Эркин­Тоонун” алгачкы жооптуу катчысы болуп, кыргыз басма сөзүнүн жаралышынын түздөн түз башында турган. Акын С.Станалиевдин изилдөөсү боюнча улуттук басма сөзүбүз жарала электе эле орток басма сөзгө аралашып, профессионал басма сөзүбүздүн, улуттук журналистиканын башатында тургандар да бир топ эле экен. Алардын эң алдыңкы сабындагы С. Карачев 1919­ж. Жети­Суу ревкомунун органы болгон “Көмөк” гезитинде адабий кызматкер­кабарчы, К.Тыныстанов Түркстан компартиясынын органы “Ак жол”, РКП(б) Түркстан крайкомунун, Түркстан БАКынын жана Түркстан фронтунун саясий бөлүмүнүн гезити “Жаңы өрүштө”, “Жаш кайрат” журналдарында бөлүм башчы, редколлегия мүчөсү болуп иштеген.
  • Кыргыз кыз-келиндеринен 1-болуп СССР журналисттер союзуна Зина Мамбетсеитова өткөн. Ал атактуу “Сынган бугу” күүсүн жараткан Байгазынын небереси болгон. Зина эже Кыргызстандын белгилүү ишмерлеринин өмүр-жолдорунун анча белгисиз жактарын камтыган “Первые ласточки” деген китеп да жазган.
  • А.Сопиев өзүнүн журналисттик, редакторлук иштерин, өмүр жолун баштан аяк чагылдырган китеп (“Калем издери”, 1985;”Тагдыр”,1991) жазган жалгыз журналист.
  • Биринчи кыргыз фотокабарчысы – Кемел Курманов. Андан кийинки эле фотокабарчы КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1987) Асан Кадыркулов.
  • Журналисттер союздарынын эл аралык конфедерациясына вице-президент болуп шайланган (1998) 1-кыргыз – Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев.



Мезгилдүү басма сөз




  • Кыргызстандагы алгачкы мезгилдүү басма сөз – “Пржевальский сельский хозяин” журналынын 1-саны 1913-ж. мартта чыккан. Ал Пржевальск уезддик айыл чарба коомунун органы болгон. 4 номери гана жарык көргөн. Редактору белгилүү бал челекчи Я.Б.Силин болгон.
  • Кыргызстандагы алгачкы советтик гезит - “ Пишпекский листок” 1918-ж. 10-мартта Пишпек уезддик эл депутаттар советинин органы катары Пишпек шаарында жарык көргөн. Алгачкы редакторлору Григорий Иванович Швец-Базарный, Илья Алексеев. Ал эми 1920-ж. 15-августта Караколдо “Призыв к труду” гезитинин алгачкы саны чыккан.
  • Кыргыз тилиндеги тунгуч гезит – “Эркин Тоо” (азыркы Кыргыз Туусу). Ал РКП(б) Кыргыз обкомунун, облревкомунун, профсоюздардын облустук советинин, Кошчу союзу обкомунун жана Кыргызстан РЛКЖС обкомунун органы катары 1-саны 1924-ж. 7-ноябрда чыккан. 1-редактору Осмонкул Алиев, катчысы Сыдык Карачев, ал эми алгачкы көчүрмөчүлөр М.Акматов менен К.Карасаев болгон.
  • Слово Кыргызстана” гезитинин 1-саны “Батрацкая правда” деген ат менен 1925-жылдын 23-мартында жарык көргөн. Ал 1926-жылдан “Крестьянский путь”, 1927-жылдан “Советская Киргизия” деп аталган. Биринчи редактору П.В. Телегин.
  • Жаштарга арналган алгачкы гезит – “ Ленинчил жаш”. 1-саны Кыргызстан ЛКЖС БКнын органы катары 1926-ж. 7-ноябрда чыккан.
  • Кыргыз тилиндеги тунгуч журнал – “Коммунист”. Ал Кыргызстан КП БКнын теориялык жана саясий журналы болгон. Анын 1-саны 1926-ж. ноябрда чыккан.
  • Мугалимдерге арналган алгачкы педагогикалык журнал – “Жаңы маданият жолунда” (азыркы “Эл агартуу”). Анын 1-саны 1928-ж. 5-майда жарыкка чыккан. Алгачкы редактору К. Тыныстанов.
  • Чала сабаттууларга арналган алгачкы гезит – “Сабаттуу бол”. 1-саны 1930-ж. 15-июнда чыккан.
  • Алгачкы адабий-көркөм журнал – “Чабуул” (“Ала Тоо”). 1-саны 1931-ж. сентябрда чыккан. Алгачкы редактору Аалы Токомбаев.
  • 8-класска чейинки окуучуларга арналган көркөм-адабий журнал - “Жаш Ленинчинин” (азыркы “Кырчын”) 1-саны 1952-ж. январда жарык көргөн. 1-редактору Муса Жангазиев.
  • Кыргыз тилиндеги алгачкы сатиралык журнал – “Чалкан”. Ал Кыргызстан КП БКнын саясий-сатиралык журналы катары 1955-ж. июнда уюшулган. 1-редактору Аалы Токомбаев (1955-56).
  • Балдарга арналган биринчи гезит – “ Кыргызстан пионери” (азыркы “Жеткинчек”). 1-саны 1933-ж. 1-февралда чыккан. Алгачкы редактору А.Жаналиев.
  • Мугалимдерге арналган алгачкы гезит – “Мугалимдер газетасы” (азыркы “Кутбилим”). 1-саны 1953-ж. 7-апрелде чыккан. 1-редактору Дүйшө Айтмамбетов.
  • Республикада аялзатына арналган атайын журнал – “ Кыргызстан аялдары”. 1-саны 1951-ж. 6-майда чыккан. Алгачкы редактору К.Токтомамбетова (коомдук башталышта). Ал эми штатка алынган 1-редактору (1954-58) – Сагын Шералиева. Кийин ал республиканын архив кызматын жетектеп, анын ишин алгачкы жөнгө салгандардын да бири болгон.
  • Адабий чыгармаларга арналган тунгуч гезит – “ Кыргызстан маданияты”. 1-саны 1967-ж. 1-январда жарык көргөн. Алгачкы редактору Муса Жангазиев.
  • Улуттук жазуучулар союзунун гезити - “Кыргыз адабияты”. №1 саны 2007-жылдын 1-июлунда чыккан. 1-редактору эл акыны Омор Султанов, орун басары Айдарбек Сармамбетов.
  • Айыл чарба жана суу чарба кызматкерлерине арналган 1-илимий-өндүрүштүк журнал – “ Кыргызстан айыл чарбасы”. Алгачкы саны 1955-ж. орусча жарык көргөн. 1963-жылдан кыргызча да чыккан. Биринчи редакторлору: орусчасыныкы С.Ф.Филиппов, кыргызчасыныкы И.Рыскулбеков.
  • Алгачкы кечки гезит Бишкек шаардык “ Вечерняя газета”. 1-саны 1958-ж. 9-августта чыккан.
  • Мектепке чейинки курактагы балдарга жана башталгыч класстардын окуучуларына арналган алгачкы адабий-көркөм, иллюстрациялуу журнал –“Байчечекей”. 1-саны 1977-ж. жарык көргөн. Алгачкы редактору Токтосун Самудинов.
  • Республикада жарык көрө баштаган алгачкы элдик эркин гезит – “Аалам”. 1-саны 1991-жылы чыккан. Алгачкы редактору жазуучу Чолпонбек Абыке уулу.
  • Кыргыз тилинде чыккан алгачкы спорттук гезит катары тарыхта калган “Байге” аттуу гезиттин бир нече саны 1992-ж. жарык көргөн. 1-редактору Кабыл Макешов.
  • Кыргыз тилиндеги алгачкы азил-чыны аралаш шайыр гезит (жалаң тамаша, какшык, анекдот, жорук, азил ж.б. камтыган) – “Күлкү”. 1995-ж. негизделген. Баш редактору Бекмырза Рахман уулуу (гезит ээси Шаамырза Рахман уулу).
  • Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик гезит – “Каттама”. Ээси Жаныбек Жанызак.
  • Түркүн түстө, алдыңкы технологиялык ыкмада, өлкөдөн сырткары жашаган кыргыздар үчүн да арналган алгачкы журнал «Замандаш». 1-номуру 2003-ж. чыккан. Негиздөөчүсү «Замандаш» коомдук фондусу (президенти Мухтарбек Өмүракунов), баш редактору Абдыкерим Муратов.
  • Кыргыз тилинде чыккан илимий-популярдуу 1-журнал – « Илим, инновациялар жана турмуш». 1-саны 2003-ж. чыккан. Башкы редактору – Роман Оморов.
  • Андан сырткары төмөнкүдөй жана журналдар жарык көргөн, алардын аталыштары жана 1-редакторлору:

Гезиттер: Бишкек шамы, Абдыжапар Соотбеков,Эркин-Тоо, Мелис Айдаркулов, Свободные горы, Людмила Жолмухамедова, Эне тил, Эсенбай Калдаров, Дело № , Виктор Запольский, Кыргыз Руху, Султан Раев, ЭрК, Топчубек Тургуналиев, Ак бата,Төлөбек Өмүрзаков, Ата журт, Азимжан Ибраимов, Утро Бишкека, Мелис Айдаркулов, Обон, Нурлан Шакиев, Чабалекей доор, Шайлообек Дүйшеев, Чартарап, Кален Сыдыкова, Дыйкандар гезити, Дыйканбек Садыков, Адвокат, Рина Приживойт, Лица, Бермет Букашева. Общественный рейтинг, А.Чекошев, Бетме-бет – Лицом к лицу, А.Зеличенко, Республика, Замира Сыдыкова, Арият, Жолдошбек Зарлыкбеков, Кыргыз Караван, Кыз-жигит, Сен жана мен, Укмуштуу окуялар, Караван сканворд, Адабий гезит, Жаныш Кулмамбетов, Сырдуу дүйнө, Загадочный мир, Периште, Преступление и наказание, Кылмыш жана жаза, Айнагүл Шаршекеева, Кубат Шаршекеев, Адабий Алатоо, Самсак Станалиев, Ден Соолук, Мундузбек Тентимишев, Аргумент, Кемел Белеков, Эл үнү, Алымбек Мырзаев, Ак калпак, Атантай Акпаров, Асаба, Жумабек Медералиев, Алга, Кыргызстан, Болот Жумабаев, Заман Кыргызстан, Мырза Гапаров, Бишкек Таймс, Нуралы Капаров, Далдал, Шыкак, Супер-юмор, Целитель, Төлөндү Жумабаев, Алас, Түгөлбай Казаков, Апта, Керим Айдаров, Айгай, Кубаныч Зайдинов, Супер-инфо, Кылычбек Султанов, Жаңы кылым, Жыпара Жээналиева ж.б.

Журналдар: Мектеп-Школа, Гүлжигит Сооронкулов, Мурас, Шерназар Шүкүров, Дилгир, Балаты, Абзий Кыдыров, Эл дүйнөсү, Жапарали Осмонкулов.
  • Кыргыз телеграф агенттиги (КырТАГ, азыркы “Кабар”) республиканын мамлекеттик маалымат берүү органы катары 1937-ж. 17-январда уюшулган. Алгачкы жетекчиси 1937 – 42-ж. М.В.Морозов, кыргыздардан 1-болуп 1958–72-ж. Аскар Юсупович Сопиев директору болгон.