Кыргыз тилин изилдөөдө салыштырма-тарыхый усулду 1-жолу кеңири колдонгон окумуштуу - Б.М.Юнусалиев. Ал кыргыз тилинин алтай, тува, хакас тилдери менен окшоштугун да 1-болуп далилдеген.
Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча алгачкы китепти кыргыздын 1-кызыл профессору, акын, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов (1901 - 37) жазган.
Кыргыз фразеологиясын биринчи изилдеген окумуштуу – Шүкүров Жапар.
Улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, котормочу, Москвадагы Ломоносов атындагы эл аралык университетте окуп жүрүп, кыргыз тилинен сабак берген (1929 - 31) алгачкы кыргыз, кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан, Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири – Кусейин Карасаев.
Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча тунгуч илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор Ыбрай Жакыпов.
Кыргыз тил илиминде “Байланыштуу речь” темасы боюнча атайын китеп жазган алгачкы окумуштуу – филология илимдеринин кандидаты Самак Давлетов.
Кыргыз тилинде кеп маданияты маселелерине чыйыр салгандардын бири – Сыртбай Мусаев. Анын “Текст: прагматика, структура” (2000) аттуу эмгеги кыргыз тил илиминде теориялык аспектиде биринчи жаралган олуттуу эмгек.
Кыргыз тилин башка улут өкүлдөрүнө окутуу усулу боюнча алгачкы илимий диссертацияны “Орус мектебинде кыргыз тилин окутууда окуучулардын диологдук кебин өстүрүү” (Ү-ҮV кл.) деген темада 1995-ж. Сулайман Рыспаев коргогон.
Чет тилдери
Немис тилинин грамматикасы боюнча докторлук диссертация жактаган Борбордук Азиядагы тунгуч илимпоз, Уралдан Борбордук Азияга чейинки аймактагы немис тилинин тарыхый синтаксисине адистешкен жалгыз илим доктору – Амангелди Бекбалаев.
Журналистика
Кыргыз кыздарынан чыккан тунгуч журналист-жетекчи (1960-71-ж. «Кыргызстан аялдары» журналынын редактору), Атамекендик согуш мезгилинде жоокерлер (айрыкча акын-жазуучулар, илимпоздор, журналисттер ж.б.) менен эң көп кат алышкан, алгачкы стенографиячылардын бири (18 жашында Москвадан стенографисттер курсун бүткөн) – Курман Кыдырбаева (1916-ж.т., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер).
Стенография
Алгачкы кыргыз стенографисти Айша Султаналиевна Карасаева. Ал кыргыз стенографиясынын техникасын эң биринчи иштеп чыккан. “Кыргыз тилинин стенографиясы” деген китеп жазган жана студенттерге үйрөткөн. Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы билимдүү педагог да Айша апа болуп эсептелет.
Тарых
Алгачкы чыгыш таануучу, орто жана соңку кылымдарда Кыргызстан аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр, Караханилер каганаты, Чагатай улусу, Хайду мамлекети жана Моголстан тарыхы боюнча чыгыштаануу илиминдеги көрүнүктүү изилдөөчү, илим доктору, профессор Өмүркүл Караев (1930-2002). Ал кыргыз илимпоздорунан алгачкылардан болуп, араб-перс булактарында кыргыздарга жана Кыргызстан менен байланышкан тарыхый маалыматтарга таянып, кыргыз элинин этногенези боюнча айрым маселелерди ачып берүүгө, кыргыздардын ҮX–X кылымдарда эле Теңиртоо аймагын байырлагандыгын илимий негизде далилдөөгө, алардын азыркы аймактарга Енесайдан журт которуп келиши жөнүндөгү проблемаларды изилдөөгө чоң салым кошкон.
Саясат таануу
1924–28-жылдары Москвадагы И.В.Сталин атындагы Коммунисттик университетте жана Ташкендеги Орто Азия Коммунисттик университетинде аспирантурада окуган алгачкы педагог жана партиялык кызматкер – Сабира Телтаева (Турсунова).
Кыргызстанда гуманитардык илимпоздордон 1-болуп саясат таануу (политология) илими боюнча докторлук диссертацияны 1999-ж. Жолборс Жоробеков коргогон.
Мамлекеттик башкаруу боюнча алгачкы илимий эмгектердин бири – профессор Аалыбек Акуновдун “Кыргызстанда өткөөл мезгилдеги мамлекеттик башкаруу” (1999) деген монографиясы.
Тышкы саясат боюнча докторлук диссертация жактаган алгачкы илимпоз – Аликбек Жекшенкулов.
Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын мамилесинин өнүгүшү боюнча кытай тилинде Кыргызстандан 1-кандидаттык диссертацияны Субакожоева Айзада Муратбековна 2004-ж. Пекинде жактаган.
Социология
Кыргызстанда социологиялык илимий мектепти негиздөөчү – илимпоз Табалдиев Асанбек (1935 - 75).
Кыргызстанда социология илими боюнча 1-илим доктору – С.С.Нурова.
Социология боюнча кыргыз тилинде 1-кандидаттык диссертацияны Салморбекова Рита Бобуевна жактаган (2006-ж., 26 жашында).
Этнография
1-кыргыз этнограф-окумуштуусу – М.Айтбаев.
Кыргызстанда этнография боюнча докторлук диссертацияны 1-болуп 1993-ж. Асанканов Аблабек коргогон. Ал Кыргызстан элинин этнологиясын изилдеген окумуштуулар тобун түзгөн.
Кыргыздын алгачкы кесипкөй этнограф кыздарынын бири – тарых илимдеринин кандидаты, доцент Мамбеталиева Какен (1936 - 84).
Нукура элдик кол өнөрчүлөрдү эл арасынан изилдеп, жыйнап, китептерди чыгарган, кыргыздын 1-элдик этнографы аталган – Амантур Акматалиев. Анын “Кыргыздын уз-усталары” аттуу антологиясы (Бишкек, 1997) ушул багыттагы тунгуч антология. Көркөм кол өнөрчүлүктү аздектеп, кесип катары туткан уз-усталар, алардын уздануу-усануу ыкмалары жөнүндө түзүлгөн мындай антология дегеле дүйнөлүк тажрыйбада алгачкы ирет даярдалган.